Төрт ай ичинде санитардык эрежелерди бузгандарга 1 миллион сом айып салынды

2017-жылы Бишкек шаарында санитардык-экологиялык эрежелерди бузгандарга 2 миллион 198 миң сомайып пул салынган. Бул тууралуу Санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Арсен Айылчыев бүгүн, 7-июнда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде жалпысынан 4 миң 328 эреже бузуу катталып, эскертүү каты жазылган. Буга ылайык 1 миң 639 протокол түзүлгөн.

"Ушул жылдын 4 айлык жыйынтыгына ылайык санитардык эреже бузгандарга 632 протокол түзүлүп, 957 миң сом айып пул салынды.

Таштандыны туура эмес таштаган жарандарга 2 миң сом айып пул салынат. Ал эми чарбалык ишкана ээлерине 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эгер жарандар эреже бузууну кайталаса, айып пулдун өлчөмү 20 миң сомго көтөрүлөт", - деди Арсен Айылчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан