Бишкекте таштанды иргөөчү ишкананын курулушу 2019-жылдын аягында бүтөрү пландалууда

Бишкектин четинде курула турган таштанды иргөөчү ишкананын курулушуна ошол аймактагы турак үйлөр тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарипов билдирди.

Анын айтымында, учурда тоскоолдуктарга карабай ишкананы куруу иштери жүрүп жатат.

"Таштанды төгүүчү талаага 2005-2007-жылдары мыйзамсыз турак үйлөр курулуп калган. Учурда ал турак жайлар ишкананын курулушуна тоскоолдук жаратууда. Бирок тоскоолдуктарга карабай иштер жүргүзүлүп келет. Бул иш шаар мэринин жана башка жетекчилердин көзөмөлүндө. 2019-жылдын аягына чейин куруу иштери аяктайт деп күтүп жатабыз. Аталган ишкана Борбордук Азияда жок, Европа тибиндеги ишкана болот", - деди Руслан Шарипов.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Бишкек мэриясы шаардын четине эл аралык стандартка жооп берген таштанды иргөөчү ишкана курулары кабарланган. Маалыматка ылайык, долбоор эки жылдын аралыгында ишке ашырылуусу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2018-06-07 14:20:08
Коррупция жок экенби? Бизде кайсы иш болбосун Коррупция менен аяктайт эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан