Кыш мезгилиндеги жылытуу системине мындан ары электр энергиясын же көмүр эмес, газды колдонуу пайдалуу болот. Бул тууралуу сунушту депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылытуу системи үчүн өлкө бюджетинен жылына 1,5 миллиард сом субсидия бөлүнөт.
"Өлкө аймагындагы шаарларга электр энергия, көмүр сатып алуу үчүн бюджеттен жылына 1,5 миллиард сом субсидия бөлүнөт. Азыр бизде газ пайда болду. Бирок биз газды жакшы пайдалана албай жатабыз. Жаңы курулуп жаткан мектеп жана үйлөрдүн жылытуу системин газга өткөрүп көрүшүбүз керек. Көмүргө караганда газ арзан түшүп калышы мүмкүн. Экологиялык жактан да жакшы болот. Анан калса газды эч ким уурдай албайт", - деди Бекешев.