Кыргыз-Тажик чек арачылары ок атышпоо боюнча протоколго кол коюшту

Кыргыз-Тажик өлкөлөрүнүн чек арачылары ок атышпоо боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарчасында Кыргыз Мамлекеттик чек ара кызматынын делегациясы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Биздин делегацияны Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жетектеп барды. Тажикстан тараптын делегациясын УКМКнын чек ара аскерлеринин жетекчиси Ражабали Рахмонали жетектеген. Эки тарап Кыргыз-Тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулап, соңку учурда чек арада чыр-чатактар көбөйгөнүн айтып, тынчсыздануулар болуп жатканын билдиришти. Ошондой эле 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында болгон окуя иликтөөгө алынары айтылды. Анда аскер адамдарынын аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонуна баа берилип, мындай окуяларды алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө эки тараптуу сөз сүйлөндү.

"Бул жолугушууда чек арада жаралган чыр-чатактар учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле жергиликтүү чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилигине эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келгенге чейин кандайдыр бир чара көрбөө талабы коюлду. Жолугушуунун аягында чечилген сүйлөшүүлөр боюнча макулдашуулар камтылган протоколго кол коюлду", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dalil
2018-06-07 12:37:50
Өзбектерге да ошондой талаптарды койгула. Еанчалаган мекендештерибизди чек ара тилкесинде жана биздин жерде атып өлтүрүп кээ бирлерин майып кылышты. Бирок ушуга чейин да биздин жетекчилер көз жумуп унчукпай келет. Же өзбек чек арасына чектешкен аймактарда аскерлердин санын көбөйтүү керек. Антпесе биздин аймака атып өлтүрүп сүйрөп кирип кетип жатышат. Жаз алдынан атылып өлтүрүлгөн кыргыз жараны боюнча нота жөнөтүп ошол бойдон кала беришти.
+5
Dimonbek
2018-06-07 12:39:45
Тынчтык болсун жергебизде жана дуйнодо)
+5
Dalil
2018-06-07 12:47:54
Кошуналар менен теңата сүйлөшпөсө карапайым калкка эле кыйын болот. Оорунун алдын албаса өлүм ашкере кылат дейт. Бизге канча кыр көрсөткөнүн көрүп билип туруп жогорудагылар бийлик орду менен убара. Качан бир ызы-чуу же өлүм болгондо гана бир аз көңүл бурумуш болуп, ЖК трибунасында бир аз кыйкырымыш кылат. Ошону менен бир аз эскирип эл унута баштаганда унутулуп калып жатат. Ансыз да канчалаган жерлерди алдырдык. Кыр көрсөтпөгөн тажиктер эле калган эле жакындан бери алар да баштады
+4
Flowhive
2018-06-07 13:20:46
Алдандынар да
-2
keba300989
2018-06-07 14:11:35
Flowhive, эмнеге алданат ХХХХХХХХ
0
nabievich
2018-06-07 14:31:02
элди кууп кочугуно тепсе боло берет дегениби ошондо лейлектин кулунду исфана жолундагы жолдун устун тажиктерге сатып ийиптир биздин ХХХХХХХХ жакында кулунду озунчо анклав болбосонор эле кудай сактасын
+2
bond
2018-06-07 15:04:06
Коп башты оорутпай чек араны тактап койгула протоколунар эч кимди кызыктырбайт мындан мурда деле канча протоколго кол койдунар пайдасы тийип жатабы. Чек араны тактап тосуп койгула кийин кеч болот озбек менен тажике алданбай.
+2
AzKumFerDan
2018-06-07 15:09:33
Ушул биздин атка минерлер мынчалык тормоз экенсиңер талковый болгулачы Манастын урпактары.. саткыла жерлерди сат сат сууларды саткыла мөңгү саткыла уф нерф ойнойтда ушул жеп жутарлар канчалаган гегтар жерлерди сатынар келечек силерди эки дуйно кечирбей саткан силерди ата бабаларыбыз арбагы уруп кетсин.Админ кечирип койгулачы эмоция берилип кетим
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан