Интернет колдонуучусу Адель Карыпбекова жеке баракчасына Бишкекте тургундун жолборс жетелеп бара жаткандагы сүрөтүн жарыялады.
Ал сүрөткө карата "Оо, эгер бирөөгө кол салып жиберсе эмне болот?" деп билдирүү жазган.
Билдирүүгө ылайык, сүрөт шаардын Түштүк Магистраль тарабынан тартып алынган. Азырынча жолборс циркке тиешелүүбү же жокпу белгисиз. Шаардык милиция бул боюнча териштирүү боло тургандыгын билдирген.