Мыйзамсыз жүк ташыган чет элдик айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында 3-окууда каралды. Мыйзам долбоору Кыргыз жериндеги айдоочулар менен чет элдик айдоочулардын укуктарын бирдей кылуу максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, Кыргыз жериндеги айдоочулар чет өлкөдө эл, жүк жана унаа ташыган учурда жол эрежесин одоно бузса, ири көлөмдөгү айып төлөшөт. Ал эми Кыргыз жеринде чет өлкөлүк айдоочулар үчүн ири көлөмдө айыптар белгиленген эмес.
Мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатканда Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү мыйзам долбоору Кыргыз жериндеги айдоочуларга да тийиштүү экенин айтып өттү. Буга айрым депутаттар каршы чыгып, мыйзам долбоору 2-окуунун режимине кайтаруу боюнча пикирлерин ортого салышты.
Депутат Улан Примов мыйзам долбоору Кыргыз жериндеги айдоочуларга да тийиштүү экенин жашыргандыгы үчүн тийиштүү адамдардын жоопкерчилиги каралышы керектигин талап кылды. Депутат мындай жагдай жүк ташуучулардын арасында нааразычылыктарды пайда кыла турганын, мыйзам долбоорун колдобоого же экинчи окуунун режимине кайтарууга чакырды. "Мурда өкмөттүн башка өкүлү келип "мыйзам долбоору жергиликтүү айдоочуларга тиешеси жок" деп айткан. Азыр башка өкүл келип алып тиешеси бар экенин айтып жатат. Демилге биздин айдоочулардын нааразычылыгын пайда кылат. Ошондуктан экинчи окуу режимине кайтаруу керек. Андан сырткары Жогорку Кеңешке келип туура эмес маалымат берип, депутаттарды алдаган аткаминердин жоопкерчилигин караш керек", - деди Примов.
Бирок төрага Дастан Жумабеков мыйзам долбоору тармактык комитеттин чечими менен гана экинчи окуу режимине кайта турганын айтты. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберишти.