"Чыгыш электр" ишканасы 15 жылдык мөөнөт менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4 миллион евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат алууда.
Насыя алуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында кызуу талкууланып, айрым депутаттар каршы чыгышууда.
Депутат Мирлан Бакиров суроо берерден мурун өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүнө кызыкты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, учурда Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 3 миллиард 870 миллион долларга жетти. "Тышкы карызыбыз ички дүң продукциянын 2017-жылы 53,9 пайызын түздү. 2018-жылдын божомолу боюнча 49,5 пайызга барабар болот", - деп жооп берди Байгөнчөков.
Бакиров бул насыяны алуу боюнча Юстиция министрлигинин документи тиркелбегенин айтып, жыйынга алып келүүнү талап кылды.
"Юстиция министрлигинин документин алып келип көрсөткүлө. Болбосо мыйзамды артка кайтарыш керек. Консультанттар 920 миң доллар алат экен. Негизи эле консультанттардын кереги барбы? Силерден насыя алуу боюнча конкреттүү маалыматтарды ала албай жатабыз. Мындай насыянын кереги жок", - деди Бакиров.