Депутат өкмөт башчы менен анын командасын сынга алды

"Эски өкмөттүн 80 пайызын кайра алып келип койдук. Айрымдарын вице-премьер кылып кызматтан чоңойттук. Эч нерсени чечпей жатышат". Мындай пикирин 7-июнда депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде, жаңы келген өкмөт башчы да ишенимди актабай жатат.

Сабиров: "Эски өкмөттү кетирип, кайра эле ошонун мүчөлөрүнөн жаңы өкмөт курап койдук. Өкмөт карызды алышын алып, жооптуу катары бизди көрсөтүп жатат. ТВЕА боюнча келишимди да бизге шылтаган. Насыя алуу боюнча келишимдер айрым документтери жок эле келип калууда.

Аппаратка тапшырма берели. Керектүү документтер жок болсо, палатага алып чыгышпасын. Экинчи окуу болуп жатат, бирок дагы деле документтери так эмес. Биз өкмөттү эркелетпешибиз керек. Элди кыйнап жатабыз. Аймактарда электр жарыгы өчүп калууда. Карызды алган соң жоопкерчиликти да өкмөт алыш керек да. Маанилүү маселе каралып жатса, мекеме жетекчилеринин орун басарлары келип отурат. Жогорку Кеңеште бир тыйын болсо да карыз алуу талкууланса, ар бир жетекчи өзү келип, жоопкерчиликти моюнга алабыз деп айтсын. Кийин гана колдойлу", - деп айтты.

Жогорку Кеңеште Кыргыз өлкөсү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 6 миллион евролук насыялык келишимди ратификациялоо долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, 6 миллион евронун 4 миллион евросу насыя болсо, 2 миллион евро гранттык негизде алынууда. Аталган каражат 15 жылга берилип жатат. Жеңилдетилген мөөнөтү - 3 жыл. Каражаттын 3 миллион 300 миң евросуна электр жарыгын эсептегичтерди алуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azat.97
2018-06-07 16:24:44
Исаков эле жакшы болчу кайдагы жепжутарлар келди окмотко билбейм.Саясатка келгенине аз эле болсо дагы камап салышты коро албай.А 15-20 жыл иштеген тйбостор отурат мамлекеттин акчасын соруп билмексен болуп.Абылгазиев деле кыйратпайт.Мына премьер болгонуна 1 айдан ашты Бурулайдын олуму боюнча комментарий бергенин кана кордум башка ишин коргон жокмун.
-3
Dembele84
2018-06-08 09:41:39
Azat.97,Исаковдун премьер болуп иштегенине аз болгону менен,аны асмандан алып келип койгон жок да.Ага чейин атамбаевдин аппарат башчысы болуп турганда коп курулуш,ондоп тузоого башын тыгып,озу каалагандай келишим тузуп журуп,анан ошолордун баарынын артынан чыгып жатпайбы былыктар!
-1
bibi87
2018-06-07 21:34:12
Электр жарыгын эсептегич деген кадимки эле счетчикпи же башка аппаратпы? Ким билет?
0
surgeon777
2018-06-08 10:01:39
Туура айтат ар бир тыйын талкуулансын,ар бир тыйынга бироо жоопкерчилик алсын,антпесе ким алганы билинбей тымпыйып жеп алып атышат.
0
Pchelka85
2018-06-08 10:21:06
Ой айланайын... жепутат.. окмот башчыны алмаштырганынарга деле бир эле ай болду го калп айтпасам... убакыт бергиле да
Силерди деле 120 жепутатты кыргыз эли шайлаганына канча жыл болду бир кыйратып эмне кылып койдунар???!!! Окмотту улум улам алмаштырып, кыйын киши болуп кыйкыргандан башка колунардан эмне келди?? Деги бир куйгузгон ушундай мал жепутуттурдан мен УЯЛАМ да...
0
Pchelka85
2018-06-08 10:25:21
Бала деле торолуш учун 9 ай керек... бир нерсе эксен анын тушумун алыш учун дагы убакыт талап кылынат. Анан кечээ эле озунор ушул эле окмотту колдоп "БАТАНАРДЫ" берип атканда эмнен ойлоп аттынар???? Колдогон озунор бул составды.. же окмотту колдоп атканда сиз жумущка келген эмес белениз))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан