Бүгүн, 7-июнда абактагы саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбековдун иши Жогорку Сотто каралып, төмөнкүдөй чечим чыкты:
Бектур Асанов 8 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 12 жылга кесилген);
Кубанычбек Кадыров 8 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 12 жылга кесилген);
Эрнест Карыбеков 14 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 20 жылга кесилген);
Дастан Сарыгулов 4 жылга эркинен ажыратылып, үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген (буга чейинки өкүм өзгөрүүсүз калды).
Эске салсак, 2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген эле. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.
7-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.