Өлкөдөгү турак жайлардын 80 пайызынын документи жок

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында депутат Аалы Карашев өлкөдө канча турак жай камсыздандырылганын сурады.

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" мекемесинин төрайымы Жүмагүл Эгембердиеванын айтымында, бул кызмат 2 жылдан бери иштеп келүүдө.

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" эсеби боюнча, учурда өлкөдө 1 миллион 157 миңден ашык турак жай бар. Анын 80 пайызынын документи жок. Документи бар 20 пайыз турак жайдын 38 пайызы камсыздандырылган", - деди Эгембердиева.

Карашев турак жайынын документи жок жарандардын көпчүлүгү айыл жеринде жашаарын айтып, бул багытта айыл өкмөттөр кызуу иш алып барышы керектигин кошумчалады.

Карашев: "Эл турак жайды камсыздандырууга ишенбей турат. Жеке компаниялар кайсы бир чоңго тиешелүү болот деп жарандар акча бербей жатат. Камсыздандырууга деп акча жыйнап алган жеке компаниялар сыртка качып кетет деп кооптонуп турушат. Жоопкерчиликти ким алат?" - деди.

Учурда парламентте "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantomas
2018-06-07 18:32:43
Болбогон кеп!!! Аалы Карашевдин жаш баланын созун суйлоп турганын кара!!! Кыргызстандагы турак жайлардын 60-70%тинин документи бар. Бирок эл камсыздандыруу компанияларына ишенишпейт, ошол себептуу турак-жайларын камсыздабай келет...
+7
senchi
2018-06-07 18:46:42
Турак жайларды камсыздоо кимдин жоопкерчилиги болсо ошол куноолу, айлыкты алып жумушун аткарбай эшек такалап журдубу.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан