Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Маалым болгондой, жыйында президенттин "2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча маселе талкууланат. Аталган теманын алкагында вице-премьер-министр, каржы министри, экономика министри, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду менен "Айыл Банк" башкармалыгынын төрагасы баяндама жасайт.
Жыйынга өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы өкүлдөрү, район башчылары жана айрым министрлер чакырылган.
Ал эми КСДП фракциясы Ак Үйдө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн талкуулайт. Жыйында депутаттарга маселе боюнча аталган агенттиктин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов баяндама жасап, суроолорго жооп берет.