Аксы районунда 2 мугалимдин өмүрүн алган милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча сот чечим чыгарды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Аксы райондук соту 29-майдагы өкүмү менен айыпталуучу С.М.Ж.ны Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты. Жазасын жатак абакта өтөөсү белгиленген. Айыпталуучу С.М.Ж. жабырлануучулар И.А. жана С.Г.нын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн пайдасына 100 миң сом материалдык жана 50 миң сом моралдык зыян төлөөсү милдеттендирилген. Учурда Аксы райондук сотунун 29-майындагы өкүмүнө карата иш боюнча тараптардан апелляциялык даттануу жана сунуш келип түшө элек.
Эскерте кетсек, 10-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, дагы 2 мугалим жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилип, бирине операция жасалган. Ал эми унаасы менен мугалимдерди сүзүп кеткен Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.