Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жыйын саат 10:00дө башталып, жыйындын жүрүшүндө аталган агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов баяндама жасайт.
Жыйынга ошондой эле Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Жолдошбек Жунушев чакырылган.