Криминалдык милиция кызматынын башчысы: "Жаш кадрлардын кесепетинен кылмыштардын бетин ачуу азайып кетти"

"Жаш кадрлардын кесепетинен кылмыштардын бетин ачуу азайып кетти". Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев ИИМдин коомдук байкоочу кеңешинин 8-июндагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, ички иштер органдарында адистердин көпчүлүгү жаш болгондуктан кылмыштардын бетин ачуу кыйынга турууда.

"Биз даярдоону жана кесипкөйлүктү арттырууну билебиз. Дагы 2 жылдай убакыт керек, анан баары жакшы болот", - деди Абдиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов кылмыштардын бети жаш адистерге карабай ачылуусу керек экендигин айтып, нааразы болду. "Милициядан тажрыйбалуу кызматкерлердин баары бир күндө кетип калган жок да. Сиз эмне үчүн мындай даярдыксыз жооп берип жатасыз?" - деп суроо салды Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2018-06-08 14:06:45
Булар даярдангыча кылмыштардын бети ачылбай кылмышкерлер сайрандап журо беришет экен да?
+1
Artyr1994
2018-06-08 14:57:09
Жаш кадрларда эмес иштин баары Чоңдун(бок курсактардын) балдары пара берип кирип алган. Чын дили менен иштейм дегендер айдап жылдап кезек күтүп жүрөбүз.
+1
gulzat91
2018-06-09 00:21:18
Коррупция болсо кантип ачылат,озунор уйроттунор да!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан