Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп, каза болгон 27 жаштагы Садырбек Алымбековдун ата-энеси уулу өз жанын кыйды дегенге ишенбейт.
Балам, Садырбек Кипрде иштегенине 1 жыл 6 ай болгон. Ал жогорку окуу жайлардын биринде информатика адистигине ээ болгон. Буга чейин өз алдынча Санкт-Петербург шаарында 4 жыл иштеп жүргөн. Ал Кипрге мыйзамдуу түрдө кеткен. Балам июль айында эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине келмек. Бирок 24-май күнү кечки саат 18:30 чамасында Элеонора аттуу украин кызы телефон чалып "уулуңар бийик жерден кулап түшүптүр. Анын буттары, омурткалары сынып, башынан жаракат алыптыр" деп айтты. Мен ошол күнү эле Кипрге учуп бардым. Барган күнү эле баламды көрө алган жокмун. Эртеси беш мүнөткө гана киргизди. Көрсө, балам өзү кулабаптыр. Ага кимдир-бирөөлөр 8 жолу бычак сайган. Күрөө тамыры кесилген, бөйрөгүнө жана өпкөсүнө бычак сайылган. Уулум мен жанына киргенде өлүм менен жакшы эле алышып жатыптыр. "Балам, мен келдим, сен жашоону жакшы көрөсүң, көзүңдү ач" деп ыйлап жатсам, сынган колун өйдө көтөрүп койду.
"Менин балам өз жанын кыйып, суицидге баргандай бала эмес. Ал кишиге сылык, тентектиги жок болчу. Муну аны менен жүргөн ар бир адам тастыктап берет. Дарыгерлер да "мындай жаракат менен суицид жасай албайт" деген корутундусун чыгарып берди. Мени шек санаткандар - бизге кабарды айтып телефон чалган кыздар жана балам менен жашагандар. Себеби кабарды угузган кыздар мен Кипрге жеткенге чейин ооруканада кире албай турабыз деп улам айтып жатышкан. Бирок алар ооруканага барган эмес экен. Кийин алар байланышты үзүп салышты. Тергөөдө да алардын айткандары ар башка чыгып жаткандарын уктук. Бул украин улутундагы кыздар баламды өзүн-өзү өлтүрдү деген жыйынтык чыгартып койгонго болгон аракетин кылып жатышкандай. Ал эми балам жашаган үйдүн ваннасы да кан болчу деген сөздөрдү анын достору, чогуу иштегендери айтышты", - деди апасы Рима Баатырбекова.
Маркумдун атасы Алымбек Баатырбеков уулу ал баргандан кийин эки сааттан соң үзүлүп кеткенин айтат.
Мен эртеси учуп бардым. Балам, мен келдим деп башынан сыласам, бир көзүн жылт эттирип бир ачты дагы, кайра ача алган жок. Садырбек Кипрдеги казинолордун биринде дилер болуп иштечү. Бул жактан атайын окуп, сынак аркылуу жумушка кирип иштеп жүргөн. Мен уулум менен 23-майда сүйлөшкөм. Жакында келе турганын айтып күлүп-жайнап сүйлөшкөнбүз. Баламдын өлүмүндө сырдуу себептер бар. Бизге кабар бергендер украин улутундагы кыздар экен. Алар алгач "Садырбек ошол күнү үйдө болбоптур. Телефон чалсак да алган жок. Түнү бою издедик, эртеси каралбай калган жерден бир киши таап алыптыр" деп айтышкан. Бирок биз Кипрге барганда баламдын өзү жашаган үйдөн эртең менен саат 8:15 чамасында кулаганын айтышты. Аны биринчи болуп көргөн адамга да жолуктук. Ал он мүнөткө жетпей полиция жана "Тез жардам" кызматы келип алып кеткенин айтып, "Мен кулап түшкөндө ага жардам берүүнү ойлоп, өйдө жакты карабаптырмын" деди.
"Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз жигити алыскы жакта каза болгонунан кабары болуп турса дагы баламдын укугун коргогон кызматкерлердин табылбаганы бизди ойлонтуп койду. Ал жерде балам мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат. Биздин элчилик тараптан бир дагы кызматкер кандай тергөө кылып жатат деп сурап коюшкан жок. Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусовго кайрылсам, ал жакка түздөн-түз консул жибере албайбыз деди. Бирок ал адамга рахмат, азыр да байланышып, аракет көрүп жатканын билдирүүдө. Мен баламдын өлүмү тыкыр иликтенүүсү үчүн тийиштүү органдардан жардам сурайм. Мамлекет дагы бөтөн жерде жүргөн жарандардын өлүмү үчүн тергөө иштерин көзөмөлгө алса", - деди маркумдун атасы.
Маркум Садырбек Алымбековго 6 жолу операция жасалган. Ал өмүр үчүн абдан күрөшүп, жүрөгү үч жолу токтоп, кайра соккон. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болгон.
"Баламдын телефонун, ноутбугун полиция кызматкерлери тергөө иштерине керек деп алып калышты. Бирок уюлдук телефону блокко түшүп калгандыктан, ача албай жатышыптыр. Мындан улам телефон блокто турса украин улутундагы кыздар кайдан биздин номерлерди таап, бизге чалганы табышмак", - деди Баатырбеков.
Эске салсак, 24-май күнү Түндүк Кипрдин Гирне шаарында 27 жаштагы Кыргыз жигити өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп, ооруканага жеткирилгени маалымдалган.