Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси боюнча Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп жатат. Ага фракция мүчөлөрүнөн сырткары өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлдөрү, акимдер жана айрым министрлер катышууда. Жыйын учурунда фракция мүчөлөрү акимдерге канча жумуш ордун түзгөндүгүнө карап баа берүү зарылдыгын айтышты. Депутат Абылкайыр Узакбаевдин айтымында, айрым акимдер кызматка кокустан келип калып, жыйынтыктуу иш жасабай жатат.
Депутат Тынчтыкбек Шайназаров акимдерге түзгөн жумуш орундарына карап баа берилсе, инвестор издөөнү күчөтүшө турганын кошумчалады. "Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү, канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеө күчөмөк", - деди Шайназаров.
Депутат Зиядин Жамалдинов дотацияда турган айылдарга чакан мал союучу, мөмө-жемиш кургатуучу цехтер ачылса иштер алдыга жыла турганын айтты.