Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясындагы 59 адам ачкачылык кармап, 10у оозун тигип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ачкачылык кармагандардын бардыгы экстремизм жана террорчулук боюнча айыпталып камалгандар.
"Бүгүнкү күндө 59 адам биз берген тамактардан 5-июндан бери баш тарта башташкан, алардын ичинен 10у оозун зым менен тигип алышкан.
Алардын талаптары - камераларды ачык коюу. Ал эми биздин мыйзамга ылайык, экстремизм, террорчулук менен соттолгондор камерада отуруш керек. Биз алардын талаптарын аткара албайбыз, себеби мыйзамга туура келбейт", - дешти мекемеден.
ЖАМКнын билдиришинче, ачкачылык жарыялашкандар тамактан баш тартууну качан токтотушары белгисиз.