Кара-Буурада болгон катуу шамал мектептин чатырын талкалап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 8-июнь күнү саат 10-11 чамаларында Талас облусунун Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталды. Катуу шамал аталган райондун Көк-Сай айылындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Учурда райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы жеринен тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги райондогу абал боюнча кошумча маалымат тарата турганын билдирди.