Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун бир тууган агасы Дөөлөткелди Момбеков каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эл өкүлү өзү билдирди.
Момбековдун айтымында, агасынын көптөн бери боору ооруп жүргөн.
"Бооруна операция жасалып, эсине келе албай көз жумду. Артында 2 уул, 2 кызы калды. 1 айдан кийин 52 жашка чыкмак", - деди Момбеков.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рыскелди Момбековго, үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.