Министрлик: "Өгөй атасы тарабынан сабалган балдардын апасына ашпоздукка же тигүүчүлүккө окуу сунушталды"

Сокулук райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү өгөй атасы тарабынан сабалган балдардын апасы Айсулууга ашпоз же тигүүчүлүктү үйрөткөн кыска мөөнөттүү курска окууну сунуштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, күйөөсү тарабынан сабалган Айсулуунун да, анын балдарынын да эч кандай документтери жок. Бүгүнкү күндө 24 жаштагы Айсулуу балдары менен Сокулук райондук аймактык ооруканасында дарыланууда, балдарынын абалы канааттандырарлык.

Министрликтин маалыматына караганда, Айсулуу бир да жолу паспорт албагандыгын билдирген. Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы балдарына жана келиндин өзүнө документ даярдатып берүүгө жардам көрсөтөт.

"Мындан тышкары аны жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүлөт. Жумуш оңой табылуусу үчүн ага тигүүчүлүккө же ашпоздукка окуу сунушталды. Ошондой эле убактылуу кризистик борборго жайгаштырууну айтканда, ал дароо баш тартты. Жергиликтүү бюджеттен аларга материалдык жардам көрсөтүлөт", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, буга чейин Айсулуу күйөөсү, балдарынын өгөй атасы өзүн да, балдарын да сабаганын айтып берген. Балдар денесинен жаракат алып Сокулук райондук аймактык ооруканасына жаткырылган. Дарыгер кийин Айсулуу кош бойлуу экенин, түйүлдүк 7 апталык экенин билдирген. Айсулуу күйөөсүн кечиргенин, кайра ага кайтып чогуу жашоо ниетинде экендиги маалымдалган.

Ал эми аялына кошуп балдарын сабаган делген 36 жаштагы тургунга кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Matahara1980
2018-06-08 19:53:32
Эмнеге баш тартат кризистик борбордон, пока баш аягын жыйнап жумуш тапканча жашап турбайт беле, 24 жашка чейин паспорт албай кайда жургон бул келин, бал тилге салып суйлоп койсо эле кечире береби ошондой мыкаачыны балдарын когала кылып сабаган, кийин деле сабайт ал эшеке канча килем жаппа эшек боюнча калат. Ылжырабай озу да тын болсо болмок, эми дагы тороп анысынанда эки учту балдарды эле кор кылат экенсинерда, ушу торобой эле койгулачы жудогондор балдарды кор кылбай
+7
surgeon777
2018-06-08 20:12:01
Matahara1980,кечиресиз плюс басам деп минус басып алдым,туура айтасыз!
+6
aerforce
2018-06-08 22:54:22
темадан башка коментария жазганыма кечирим сурайм тиги Анвар [moderated] кыргыздын жерин кытайга бергенге сүйлөбөй эле койсунчу адамдын нервин чыгарбай кытай адып кетпейт дейби? ошол 50жылга алган кытай кайра берип койбойт 50жылдан кийин ким бар ким жок сен анда кыйын болсоң өзбекстаныңа барып беребер жериңди
+1
Matahara1980
2018-06-09 00:28:45
aerforce,мм менда ошо тыртыковко комментарий калтырайын дедим эле талкуу жабык экен
+1
zevs
2018-06-08 23:04:51
anvarga baribirda ozunun jeri ketip jatat bele kyrgyzdyn jeri ketip jatatko.
+1
guli-1980
2018-06-09 21:41:54
24 эмес 34 жашта биринчи турмушунан 3 кызы бар кыздар атасында деп журот бул экинчи турмушу дейт. Ошондо 2 бала кайсы турмушттан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан