Активист: "Өзбекстанга жер мыйзамсыз өтүп кеткен" деп жарыялаган видеом боюнча ИИМге чакырылдым"

Жарандык активист Кылыч Шанаев чек ара боюнча интернетке тараткан маалыматы үчүн Ички иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист өзү билдирди.

Шанаевдин айтымында, ал эртең, 9-июнь күнү түштөн кийин Бишкектеги ИИМдин мекемесине барышы керек.

"Бир жума мурун Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Ажек айылындагы 200-250 гектар жер Өзбекстанга өтүп кетиптир деген видеону сүрөттөр менен социалдык тармактагы баракчама жарыяладым эле. Ал коомчулукка кеңири тарап кеткен. Ошол маалыматтардын негизинде бүгүн мени ИИМге чакырышты. Чынында эле мен көрсөткөн жерлер биздики. Ошол жерлер боюнча президентке, Жогорку Кеңешке жана премьер-министрге кайрылуу жолдойлу деп жатканбыз, эч кандай коркунуч жок, болгону менден маалыматтарды сурашат болуш керек", - дейт активист.

Айта кетсек, Кылыч Шанаев 1-июнда интернетке "Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп кетти" деп видеокайрылуу жүктөгөн. Ал билдирүү 30 миң жолу көрүлүп, миңден ашуун адам өз баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba_502
2018-06-08 21:09:27
Азаматсың Кылыч үкөм.Эң көйгөйлүү маселени көтөрдүң
+9
maks992
2018-06-08 21:17:29
камап коюш баса болдуда азаматсың
+8
asman.81
2018-06-08 22:22:40
Элдин койгойун которгон адамды баса калгыла,кыла турган ошончо ишинер,эл душмандары турат го.Же аларга келгенде мийзамынар иштебей калабы?
+7
BekAmir
2018-06-09 01:20:58
Такталбаган жер деп биздин жерлерге кирип келе жатышат. Кайдыгерлик...
+4
Malik92
2018-06-09 16:29:54
Биздин соттор беттери кызарбай эле 10-15жылга камап жибериши мумкун.Башка элердин озун жабыш учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан