Нарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине 24 батирлүү үй курулуп жатат

Нарын шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине 24 батирлүү үй курулуп жатат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 8-июнь күнү Нарын облусуна жасаган сапарында аталган турак жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, курулуш иштери 2017-жылдын июнь айында башталган. Учурда иштер 70 пайызга жыйынтыкталган, канализациялык түтүктөрдү, жылытуу жана электр тутумун орнотуу иштери аткарылууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кездерде өлкө жетекчилиги укук коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн жана өзгөчө кырдаалдар тармагынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурууда.

Премьер-министр аталган турак-жайды мурда белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Имарат 1980-жылы ишке берилген жана эки кабаттан турат.

Бүгүнкү күндө медициналык мекеменин имараты реконструкциялоого муктаж.

Өкмөт башчы Каржы министрлигине жана Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган объекттин муктаждыгы үчүн каржылоо булактары боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан