Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал-Чат көпүрөсүн 15-июнга чейин бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
"Ак-Тал-Чат көпүрөсү аймактын ички каттамында маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Транспорт жана жолдор министрлиги бул иштерди ушул жылдын 15-июнуна чейин сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыздоосу керек", - деди Абылгазиев.
1967-жылы курулган бул көпүрөнү 2017-жылы суу алып кеткен. Кийин бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен оңдолуп жаткан. Аталган көпүрө райондун борбору менен Ак-Талаанын төрт айылын жана Тогуз-Торо районун байланыштырып турат.