Орусиядан мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткан унаа чек арадан кармалды. Чек ара кызматынан 9-июнда кабарлашкандай, "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайынан Орусиядан келе жаткан ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа токтотулган. Чек арачыларга унаа ичинде үй-тиричилигине керектүү буюмдар бар экенин тастыктаган документтер көрсөтүлгөн. Бирок күмөндүү жагдайлардан улам текшерүүгө алынганда жүк ташыган унаанын ичинде мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан БМВ-Х6 үлгүсүндөгү унаа бар болуп чыккан. Тийиштүү документтер толтурулган соң айдоочу менен унаа өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.