Президент Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Кытайда чек ара боюнча маселени талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Эки мамлекеттин башчылары ШКУ саммитинин алкагында жолугушуулардын маанилүү экенин, бул эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана эл аралык күн тартибиндеги олуттуу маселелерди талкуулоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүк берерин белгилешти. Тараптар аймактагы кырдаал боюнча пикир алмашып, терроризм менен экстремизмге каршы жалпы күчтөрдү күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жөнүндө жалпы пикир билдиришти. Жолугушууда белгиленгендей, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча вице-премьерлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы 2018-жылдын 20-июнунда Дүйшөмбү шаарында болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан