Кылмыштардын бирдиктүү реестри жылдын соңуна чейин иштеп баштайт

Кылмыштардын жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри жылдын соңуна чейин сыноо иретинде иштеп баштайт. Аны ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Аны менен бирге Башкы прокуратура кылмыштардын электрондук китебин, кылмыштардын жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселелери боюнча координациялоочу орган катары аныкталды.

Башкы прокуратурага тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 15-июнга чейин кылмыштардын электрондук китебин, бирдиктүү реестрди киргизүү маселеси боюнча ишти координациялоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырылды.

Ошол эле учурда 1-октябрга чейин кылмыштардын электрондук китебинин толук кандуу ишин жана 20-декабрга чейин кылмыштардын жана тартип бузуулардын реестринин сыноо режимде иштөөсүн камсыздоо тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
moskoy
2018-06-10 12:11:11
Ор казсан кен эртен озун тушуп каларсын дегендей .Озубуз тушуп калабыз деп чоочулап,эптеп чалажан бирдемени токуп чыгышат да адатдагыдай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан