ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: Оштогу Июнь окуясына 8 жыл толду

Мындан 8 жыл мурун, 2010-жылы 10-июнда түнкү саат 10дор чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жарандар ортосунда жаңжал чыккан. Ага чейин белги катары мечиттерден үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылганын шаардын тургундары айтып беришкен. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган. Куралданган белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, өрт коюп, туш келген адамдарга кол сала башташкан. Окуянын тез жана курч өнүккөнүнөн улам "алдын ала даярдалган" деген ойлор айтылган. 11-июнда түнкү саат 2де Убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер жана аскер техникасы киргизилген.

Трагедиялуу окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчётунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин ким экендиги аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1925 адам ар түрдүү жаракаттарды алган, 925и октон жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы 5 миң 646 кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата козголгон 336 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. Ал эми жоготулган курал-жарактардын ичинен 195 ок атуучу курал, 25 миң 330 ок-дары, 30га жакын аскердик шаймандар табылган.

10-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Artyr1994
2018-06-10 14:49:13
Ош шаарында 1000ден ашык кыргыз курман болгон кана ошол окуяга ким күнөөлү? 8жыл өтсө да дайын жок.
+7
i1urp
2018-06-10 15:02:32
Тилибизди, жан дуйнобузду озубектештирип, арабташтырбай ар намысты бекем тутуш керек.
+4
Blackmoon
2018-06-10 15:33:41
Бул окуянын эң биринчи себепкери болуп Атамбаев менен Отунбаева болгон ошолор уруксат берген [moderated]га ок атууга
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан