Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарында Kia үлгүсүндөгү унаа аялдаманы сүзүп, оодарылып кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.
Айдоочу рулду башкара албай, Арча-Бешик конушундагы аялдаманы сүзгөн. Медициналык текшерүүдө анын мас абалында болгону аныкталды.
Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.