Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарында "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу" долбоорунун алкагында "Адинай" сейил багына жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар ольха дарагын отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Бул дарак отургузуу сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жубайлардын жашоосундагы жаңы этаптын символу болот. Ал жаш жубайлар менен бирге өсүп, алардын жашоосундагы өзгөчө күндү жана бирге баскан жолун эске салып турат",- деп билдирди мэрия.