Лейлекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди (сүрөт)

Лейлек районуна 9-июнда жүргөн селдин кесепетинен улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Ал эми айрым айылдардын жашоочуларын тез арада чатырларга көчүрүү иштери каралып жатат.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бүгүн Лейлек районуна келип, учурда селден жапа чеккен элден кабар алып жатат. Ал эми селдин кесепетинен улам аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди жана элдин жашоо шартын калыбына келтирүү аракеттери жасалууда. Айрым айылдардын жашоочуларын тез арада чатырларга чыгаруу иштери каралууда", - деп билдиришти министрликтен.

Район акими Баймурат Бекмуратовдун билдиришинче, сел Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катраң айыл өкмөттөрүндө жүрүп, 12 үйдү, бир бала бакчаны өтө чоң зыянга учураткан жана эки көпүрө менен ички чарбалык жолдорду талкалап кеткен.

Лейлекте сел жүрүп тургундар чатырда жашоого аргасыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sarbo
2018-06-10 18:10:22
ии байкуш лейлектиктер аябай кыйналдыго,же чек ара маселеси чечилбейт,тагдырдын огой балдары болуштуго,мен ушунчалык лейлектердин биримдигине тан берем,аябай ынтымактуу эл
+40
Hacker99
2018-06-11 18:29:16
sarbo, Рахмат тууган рахмат! Ушинтип колдоп турсаныздар эле бизге чон жардам.
+1
Zainidin96
2018-06-10 18:30:18
Кудайым кыргызстанды боодо кырсыктан сактасын
+31
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан