Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнү белгиленет

Жалпы мусулман мамлекеттеринде жыл сайын белгилене турган Кадыр түн бүгүн, 11-июндан 12-июнга караган түнү өткөрүлөт. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдады.

"Бул күн Мухаммед пайгамбарга Куран китеби түшүрүлгөн күн болуп эсептелинет. Мындан сырткары мусулмандар Кудайга тобо кылып, пенде андан ырайымын, кечиримин сураса анын баары кабыл болчу түн экени айтылат. Кадыр түн орозонун акыркы 10 күнүндөгү так санда белгилениши керек. Мындан улам Кыргыз өлкөсүндө Кадыр түндү орозо айынын 27чи күнүндө белгилейт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп өткөрүүгө болбойт. Бирок үйдөбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып өткөрө берсе болот. Сөзсүз мечитте өткөрүү шарт эмес. Ал эми дасторкон жаюуда ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жей турганын коё берсе болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maks94.kb
2018-06-11 08:16:38
Буйруса бугун тособуз
+5
nurgaz
2018-06-11 08:18:22
Быйыл кун салкын болуп орозо кармаган женил болду, Аллаh кааласа кадыр тунду тособуз.
+10
muni.98-98
2018-06-11 12:20:22
Урматтуу момун мусулман бир туугандар баарыныздарды, отуп бара жаткан Рамазан айы жана кирип келе жаткан Орозо Айт майрамы менен чын журоктон куттуктайм! Ин Шаа Аллах баарыбыздын кармаган Орозолорубуз кылган ибадаттарыбызды ырайымдуу, меримдуу Жараткан Аллах озу кабыл кылган болсун. Кийинки Рамазан айына да катарыбыздан кемибей, ыймандуулар кобойуп жетип баралы!
+2
Mika8484
2018-06-11 12:53:33
muni.98-98, Айткан тилектеринизди Аллахым кабыл кылсын, Амин
+3
abon
2018-06-11 12:52:23
Кудайга шугур, ушундай кунго жеткиргенине.
+2
Rasul94
2018-06-11 16:40:51
Кыргызстанда бир кун кечби. Орусияда кечээ тостук
0
Liliia
2018-06-11 21:52:59
биз алган календарда да кечээ экен эле биз да кечээ тосумуш болгонбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан