Университеттердин ректорлорун шайлоо тартиби өзгөрүшү мүмкүн

Кыргыз өлкөсүндөгү университеттердин ректорлорун шайлоо тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 11-июнда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда 2-окууда талкууланат. Долбоорду депутаттар тобу даярдаган.

Учурдагы мыйзамга ылайык, премьер-министр окуу жайдагы шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон 3 талапкердин бирин ректор кылып бекитет. Бул эреже боюнча 3 талапкердин азыраак добуш алганы ректор болуп калышы толук мүмкүн.

Ал эми демилгечи депутаттар жогорудагы шайлоо жана дайындоо тартиби демократиялык системге каршы келет деп мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Алардын демилгесине ылайык, шайлоодо 50 пайыздан ашык добушка ээ болгон талапкер аталган кызматка дайындалуусу шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asat17
2018-06-11 12:34:49
Кимдер тарабынан шайланат. Студенттер тарбынан болбой калат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан