Депутат Улуттук банктын төрагасына: "Бир да вице-премьер экономиканы сиздей түшүнбөйт. Өкмөткө жардам бериңиз"

"Улуттук банк өкмөткө жардам бериши керек". Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда парламенттик комитеттин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин өзүнүн иш билгилигин көрсөтүп келген. "Өкмөт менен Улуттук банк өз-өзүнчө иш алып барат. Бири-бирине кийлигише албайт. Бирок сиз өкмөткө жардам бериңиз. Себеби учурда бир да вице-премьер-министр экономиканы сиздей түшүнбөйт. Сиз экономиканы эң жакшы билген кадрлардын бирисиз", - деди Казакбаев.

Айта кетсек, премьер-министрдин 4 орун басары бар. Азыркы учурда өкмөттүн экономика тармагына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жооптуу. Ал аталган кызматка көрсөтүлгөндө депутаттар "Аскаровдун экономика тармагында тажрыйбасы жок экен" деп сынга алышкан.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Улуттук банктын төрагасынын отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i1urp
2018-06-11 11:57:17
Бизде кадрлардын баары тууганчыл, жердешчил, таанышчыл, трайбализм тушунук боюнча куралып турган учун жаарыбайбыз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан