Казакстан Орусиянын тоок фабрикаларынан азыктарды алууну убактылуу токтотту

Казакстан Орусиянын 5 тоок фабрикасынан азыктарды алууну убактылуу токтотту. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазышууда.

Маалыматка ылайык, орусиялык төрт тоок фабрикасынын продукциясынан колиформ бактериялары жана сальмонелла табылган. "Царицыно" деп аталган компания чыгарган тоок этинен даярдалган сосиска менен кайнатылган колбасадан болсо чочконун ДНКсы табылган. Буга байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстандын Айыл чарба министрлиги импорт кылган өлкөнүн тиешелүү органдарына кат жөнөткөн.

Бул Казакстандын Орусиянын импортуна соңку күндөрдөгү 2-жолку тыюу салуусу экени белгиленет маалыматта. Буга чейин Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 3 айга чейин Орусиядан күйүүчү май ташууга тыюу салган. Бул чечимдин себебин министр түшүндүрбөгөнү менен, буга чейин Павлодар жана Атыраудагы мунай иштеп чыгаруучу заводдор модернизацияланып бүтөрү менен жергиликтүү рынокко башка жактардан күйүүчү май ташуу азая тургандыгын айтып келген.

Орусия жана Казакстан - соода-сатык, товар жүгүртүүнү жеңилдетүү үчүн түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер. Бул биримдикке Кыргыз өлкөсү, Беларусь, Армения дагы мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
i1urp
2018-06-11 11:54:50
Россия созсуз жообун берет.
-2
gulya583
2018-06-11 14:17:24
Туура эле, мен Москвадамын, Халялдын арасына Царицынонун товарын кошуп коюшат, Царицыно чочконукун кошуп салат деп уккан элем, чын экенда. Мусулмандар Царицынонун колбаса сосискаларын жебегиле
+1
jbolotov
2018-06-11 14:51:23
Казактар азамат, оз саясаты бар. АКШ аскердик базасын киргизет экен деген маалыматтарда бар. Атамбаевдей кантип болсун,Россиянын чалгысын чалып чалып аягында алжып иштен кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан