"Орусияда Кыргыз банкын ачуу керек". Мындай сунушту 11-июнда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында, учурда мындай банкты ачууга талап жогору.
"Орусияда Кыргыз мигранттары көп. Алар бир жылда 2 миллиард доллардай каражат которушат. Демек, алар Орусиянын банктарына да 4 миллиард доллардай каражатты депозитке салып жаткан болушу мүмкүн. Эгер Орусияда Кыргыз банкын ачсак, ошол каражаттар да өзүбүздүн эсебибизге түшмөк", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырды.
Учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Улуттук банктын төрагасынын отчётун угууда.