Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды. Шаар башчысын шайлоо бүгүн, 11-июнда болуп өттү.
Маалыматка караганда, жыйынга катышкан 30 депутаттын 18и Мураталы Тагаевге добуш берсе, Шайырбек Ташиевди 11 депутат колдогон.
Буга чейин мэрликке талапкер болуп шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев көрсөтүлгөн.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов май айында кызматынан бошотулган. Ал буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында.