Чүй кең көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишине Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов билдирди.
Маалыматка ылайык, калаанын борбордук көчөлөрүнүн кесилишине орнотула турчу эстеликти жасоо үчүн сынак жарыяланган.
"Эң мыкты эмгекти тандап алуу үчүн сынак жарыяланды. Эстелик Бишкек баатырдын образын ачып, орнотула турчу жерге ылайыкталып жасалышы керек. Сынакка тажрыйбалуу айкелчилер, сүрөтчүлөр жана архитекторлор катыша алат", - дейт Шамсутдинов.
Сынак 18-августта жыйынтыкталат.
Бишкек баатыр - 18-кылымдагы тарыхый инсан. Ал Жунгар, Ойрот баскынчыларынан кыргыз жерин коргоп, кыргыздын улуттук боштондук кыймылын жетектеген баатыр. 18-кылымдын 40-50-жылдарында калмактар Кыргыз жергесинин алгач түндүгүн, кийин түштүгүн басып алышкан. Өз мезгилинде Бишкек баатыр менен катар айтылуу Базыл, Нияз жана Жайыл баатырлар кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн жунгар хандыгынын баскынчы саясатына каршы күрөшкөн. 1733-жылы кыргыз-казактын колу биригип, Анархайдагы болгон согушта Бишкек баатыр душмандын гвардиясын жарып өтүп, алардын туусун жыгат. Бишкек баатыр Жайыл баатыр менен 1770-жылы 30 миң аскери менен кыргыздарга кандуу чабуул жасаган казактын Аблай ханынан Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыздарды сактап калган. Бирок Жайыл баатыр душмандын курчоосунда калып Аблай хан тарабынан өлтүрүлгөн.