Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2017-жылы аткарылган иштер боюнча жасаган отчётун жактырды. Мындай токтом бүгүн, 11-июнда комитеттин жыйынында кабыл алынды.
Улуттук банктын ишмердүүлүгү боюнча жыйында депутаттар тарабынан бир нече суроо, сунуштар берилди.
Депутат Махабат Мавлянова Улуттук банктын төрагасына: "Жарандарга арзандатылган насыялар жок болууда. Дүйнөлүк абройлуу банктар менен сүйлөшүп, каражат тартыңыздар. Башка өлкөлөрдө 1 пайызга чейин насыя беришет. Биз да төмөндөткөнгө аракет кылалы", - деп сунуштады.
Улуттук банктын төрагасы бул багытта тийиштүү кадамдарга барарын айтты.
Депутат Акылбек Жапаров Улуттук банктын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир нече сунуштарды берди.
Депутат Төрөбөй Зулпукаров айрым тапшырма, сунуштар Улуттук банктын ыйгарым укуктарына туура келбей турганын айтты. "Айтылган кээ бир сунуштар өкмөткө таандык. Ошого сунуштарды карап чыгып, мыйзам чегинде ишке ашырууга аракет кылсын деп бекитип берели", - деди Зулпукаров.
Зулпукаровдун демилгеси колдоо таап, жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын 2017-жылга карата отчёту жактырылды. Эми аталган отчёт парламенттин жалпы жыйынында каралат.