Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Эсептөө палатасынын отчётун колдоду

Улукбек МариповЖогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун 2017-жылга карата отчётун "канааттандырарлык" деп баалады. Мындай токтом бүгүн, 11-июнда тармактык комитеттин жыйынында кабыл алды.

Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна жиберилди.

Жыйында Улукбек Мариповго бир нече сындар жана сунуштар айтылды. Эл өкүлдөрүнүн бир тобу Эсептөө палатасын бюджеттен акча уурдагандарды же каражатты туура эмес сарптагандарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү менен эле чектелбестен, алдын алуу иштерин да жүргүзүүгө чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан