Боом капчыгайында автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 11-июндан 15-июнга чейин Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Жардыруу иштерине байланыштуу аталган чакырым Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин көзөмөлгө алынат.

Ал эми унаалардын каттамы Ысык-Көл тарапка баруучу айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан