Шашылыш билдирүү! 11-июндан 16-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

Өлкө аймагында 11-июндан 16-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

"12-16-июнь аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындан улам катуу жааган жаандын кесепетинен республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2018-06-11 16:16:20
Кудайым өзүң сакта кырсыктан
+4
wirintai27
2018-06-11 17:50:04
Аллах боодо кырсыктан,бей ажал олумдон сактасын
+2
AzKumFerDan
2018-06-11 19:09:04
Кудай ай Кыргызстанды кырсык апаатан өзүн сактайгор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан