Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакта жаткандардын төртөө ачкачылык жарыялоосун токтотту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 11-июнда билдирди.
"Буга чейин түзөтүү колониясында 59 адам ачкачылык жарыялап, алардын ону оозун тигип алган. Бүгүнкү күндө алардын төртөө тамак жей баштады. Учурда 55 адам ачкачылык кармоосун улантууда. Тамактана баштагандардын бири буга чейин оозун тигип алган эле", - дейт Сабатарова.
Айта кетсек, 8-июнда Молдовановка айылындагы абакта экстремизм жана террорчулук боюнча күнөөлөнүп камалган жарандар камераларды ачык коюу, телефон алып жүрүүгө уруксат берүү, абактын айрым кызматкерлерин иштен бошотууну жана абактагы тартипти жеңилдетүү талабы менен массалык түрдө ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык жарыялагандардын ону оозун тигип алса, дагы ону колдорун кескилеп салышкан.