Эми университеттин ректорун шайлоодо 51 пайыз добушка ээ болгон талапкер толук жеңип чыгышы мүмкүн

Жогорку окуу жайлардын ректорлору толук түрдө шайлоо жолу менен тандалышы керек. Мындай сунушту камтыган мыйзам долбоорун депутаттар тобу сунушташууда.

Демилге 11-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланды.

Демилгечилердин бири Жыргалбек Турускулов сунушталып жаткан мыйзамдын артыкчылыгын айтты. "Азыркы мыйзамга ылайык, университеттеги шайлоодо алдыга чыккан 3 талапкер премьер-министрге көрсөтүлөт. Бирок кээде эң аз добуш алып, 3-орунга жетишкен талапкер да ректор болуп дайындалып калууда. Бул адилетсиздик. Биз шайлоодо 51 пайыз добушка ээ болгон талапкер жеңишке ээ болсун деп сунуштап жатабыз", - деди Турускулов.

Депутат Тазабек Икрамов: "Учурда ректорлор 5 жылга шайланат. Эгер ошол жылдары коллективине таасир этип, "ажыдаарга" айланып, кайра-кайра шайланганга шарт түзүп алса эмне болот? Ошол системге шарт түзүлүп калбайбы? Жеке мен тууганчылык, таанышчылык болуп кетпешин эске алып, ректорлорду премьер-министр дайындашы керек деген пикирдемин", - деди.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан