Жайкы туристтик сезонго карата “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы “Бишкек-Балыкчы” багыты боюнча поезд каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин “Бишкек-Балыкчы-Бишкек” поезд каттамы жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттам 15-июндан 29-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июлдан тартып 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.
Поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: №608-“Бишкек I-Балыкчы” каттамы саат 06:25те, “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:20да Балыкчыга барат.
№609-“Балыкчы-Бишкек I” поезди саат 17:08де Балыкчы бекетинен жөнөп, 21:56да “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетине келет.
Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин).