Жалал-Абадда абактагы адамга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөй, ал каза болгон

Жалал-Абаддагы №10-түзөтүү абагында кармалган адам өз учурунда медициналык жардам ала албай каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Билдирүүгө ылайык, "Тез жардам" менен келген медицина кызматкерлери абактагы бейтапка өз учурунда кире алышкан эмес. Аларды абактын аймагына киргизбей кармап турушкан.

"Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №10-түзөтүү абагына мониторинг жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул абакта ооруп калгандарга медициналык жардам көрсөтүү жакшы каралбагандыгы аныкталган. Анда бир гана фельдшер иштегендиктен бейтаптарга өз учурунда жардам көрсөтүлбөйт. Жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери жүргүзүлбөйт, жугуштуу ооруларды өзүнчө кармаганга атайын жай жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан