Тоң районунун Кажы-Сай айылынын Капчыгай жайлоосуна чыгып кеткен 24 жаштагы Ш.Раялов изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү Ш.Раялов Кажы-Сай айылынын Капчыгай жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 11-июнда келип түшкөн. Маалымат түшөр замат саат 13:38де ӨКМнын №38-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн. Учурда изделип жаткан адам табыла элек. Ал Бишкек шаарынын тургуну болгону айтылат маалыматта.