Өкмөт отчётун парламентке аткаминерлердин көбүнүн катышуусуз берүүдө

Жогорку Кеңештин тармактык комитети премьер-министрдин отчётун угууда. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасоодо.

Жыйын башталар алдында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Жыйынга премьер-министр жана анын орун басарлары эле катышсын. Калгандар жумуштарын жасай беришсин. Мен ушундай сунуш киргизем", - деди.

Абдылдаевдин сунушуна ылайык, өкмөттөн чакырылган аткаминерлер жыйындан бошотулду. Айрым депутаттардын сунушу менен экономика, каржы жана ички иштер министрлери жыйынга катышууну улантышууда.

Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан