Акыркы 5 айда өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 171 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин эсептер системи жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Кудайбердиева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,7 пайызга өсүш болгон. "Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 153 миллиард сомдон ашып 2,5 пайызды түзгөн.
Ал эми өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январь-май айларына карата 91 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 3,3 пайызга азайган.
"Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азаюусу транспорттук каражаттарды, машиналардын жабдыктарын өндүрүүнүн, металл кендерин казып алуунун көлөмүнүн азаюсу себеп болду", - деди Кудайбердиева.
Ошондой эле ал акыркы айда өлкөдө тамак-аш азыктарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөгөнүн белгилеп кетти.
"Ушул жылдын май айында мурунку айга салыштырмалуу республика боюнча баалар жана тарифтер 0,5 пайызга төмөндөдү. Алсак, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 1,1 пайызга төмөндөгөн. Азык-түлүк эмес товарларга болгон баа 0,5 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 0,1 пайызга жогорулаган. Жыл башынан бери тамак-аш продуктуларына жана суусундуктарга болгон баа 1,9 пайызга төмөндөгөн. Ал эми азык түлүк эмес товарларга болгон баа 0,7 пайызга төмөндөгөн. Алкаголдук ичимдиктерге болгон баа жыл башынан бери 5,8 пайызга жогорулаган".
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 493 миллиард 3 миллион сомду түзгөн.