2017-жылы коррупция боюнча 1037 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 12-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап жатып билдирди.
“Жол тармагын жакшыртууга былтыр 4,4 миллиард сом сарпталды. Бул көрсөткүч 2016-жылдыкына салыштырмалуу 400 миллион сомго аз. 2017-жылы өлкө боюнча 345 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Кайрак жерлердин 1085 гектары суу менен камсыз болду", - деди өкмөт башчы.
"Укук коргоо органдарын жакшыртуучу 6 кызмат түзүлдү. Коррупция боюнча жалпысынан 1037 кылмыш иши козголду. Паракорчулуктун өлкөгө зыяны 607 миллион сомго жетти. 2018-жылга карата мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард сомго чейин үнөмдөөгө аракет кылабыз деп жатабыз”, - деп маалымдады премьер-министр.
Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети премьер-министрдин отчётун угууда.