Каржы министри былтыр карызга алынган каражаттар эмнелерге сарпталганын айтты

2017-жылы өкмөт 337 миллион долларлык карыз алган. Бул тууралуу 12-июнда өкмөттүн отчётунда айтылды.

Депутат Исхак Масалиев былтыр алынган 337 миллион доллар карыз эмнелерге сарпталганын сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев: “Туура, 2017-жылы 337 миллион доллар карыз алганбыз. Негизинен алынган каражаттар ирригация, жол жана энергетика тармагына сарпталды”, - деп жооп берди.

Масалиев: “Былтыр өкмөткө 2 ирет "начар" деген баа койгонбуз. Биз кемчиликтерди белгилеп кетишибиз керек. Болбосо "эмнеге мурунку премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөттүңөр?" деп айтышат да. Мен премьер-министрдин отчётун кабыл алууда ушул маселени да эске алууну сунуштайм”, - деп айтты.

Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан